http://www.ktrk.kg/Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар

4 Дек 2017 , 8:19 2758

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аба ырайына байланыштуу, республиканын тоолуу райондорундагы каттамдарда кыйынчылык жаралат. Бишкек - Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, күрткү топтолот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. 

Мындан улам айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метрлик бош аралыкты так сактап, жол кыймылын сактоодо этият болушу зарыл. 

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын алдын алып, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында уюлдук операторлор аркылуу билдирүүлөрдү, телеканалдардан жүгүртмө сап маалыматтарды жиберүүдө.


Новости по дате