http://www.ktrk.kg/Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШ өткөн мелдеште алтын медаль утушту

Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШ өткөн мелдеште алтын медаль утушту

5 Дек 2017 , 10:02 1726

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Хоккей боюнча Бишкектин өспүрүмдөр курама командасы АКШда өткөн эл аралык Barrington Ice Arena 2017 кубогунда алтын медаль утушту.

Бүгүн, 5-декабрда эртең менен 2008-жылы жана андан кийинки жылдарда туулган өспүрүмдөрдөн куралган Кыргызстандын командасы турнирде «Ice Dogs» командасы менен финалдык мелдеш өткөрүштү.

Бул турнирдин 2-декабрдагы дебюттук мелдешинде бишкектиктер аталган клубдун экинчи курамына 7:11 эсебинде утулган.

Финалдык мелдеш өтө курч маандайда өтүп, негизгии убакыт 5:5 эсебинде аяктады. Буллит чабуу (айып сокку) учурунда кыргызстандыктар жеңишти камсыздап, алтын медалды утушту.


Новости по дате