Нуркыз Абдырахманова
Келечекте кыргыз журналистикасы эл аралык деңгээлге чыгып, атаандаштык жаратса деген илгери үмүтүм бар.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясында эмгекчил жаштардын катарын толуктап, учурда Ала-Тоо 24 телеканалынын аймактык жаңылыктарынын жооптуу редактору болуп иштеген Нуркыз Абдырахманованын маеги.
  • Балалыгыныз кайсы жерде өттү эле?
Менин бактылуу балалыгым Чүйдүн Байтик айылында өттү. Айылыбыз баатырдыгы менен аты алыска таанымал Байтик атанын кичи мекени. Борбор калаадан анча алыс эмес жайгашса да абасы, суусу, жаратылышы менен таптакыр башкача. Жайдын саратанында да тоо чокусундагы ак кар айылыбыздын ар тарабынан көрүнүп турат. Ошол жерде топуракка аралашып эле, кошуна балдар менен кубалашып жашынмак ойноп, суу бойлоп бүлдүркөн терип жеп, сайдагы аккан сууга түшүп, ай толгондо ак чөлмөк ойноп чоңойгом. Ата-энем балалыгымда бапестем, окуучулук күндөрдө татыктуу тарбиясын берип, студенттик жылдарымда ар тараптан колдоп эрезеге жеткирди.
  • Эртең менен турган маанайга жараша, күнүң да ошондой өтөт деп коюшат эмеспи. Сиздин ар бир күнүңүз кандай өтөт?
Атам ар дайым айтаар эле, "Ар аткан таңда күн нурунун шооласын көрүп ойгонгонуңа шүгүр кыл, күн менен учурашканды унутпа"- деп. Андыктан жумуштун шылтоосу менен күнүм эрте башталат. Апамдын бетинен өөп босогону аттаганы Бишкекти көздөй ишке жөнөйм. Милдетим жети дубандагы акыркы жаңылыктарды убагында элге жеткирүү болгондуктан, аймактардагы кабарчылардын ишин көзөмөлдөйм. Жаңылыктар көп болгондо күндун кантип өткөнүн байкабай да калам. Анткени улам келген жаңылыкты кечиктирбей эфирге берип туруу керек. Иштен чыккандан кийин жөө басканды жакшы көрөм. Ойлорумду топтоп, алдыда жасала турган иштерди акылымда ирээттеп алам.
Атамдын "Журналист болсоң эл керегине жараган инсан болосуң.
Ушул багытты байкап көрчү"- деген кеңешинен таасирлендим...
  • Журналисттик кесипти кандайча тандап калгансыз?
Бир күнү сабактан келсем эле, бетимен өөп, берчи колуңду деп колуман да өптү. "Эмне болду?"- десем, адабият дептеримди ачып, "Бул дилбаянды сен жаздыңбы же бирөөдөн укканыңды жаздыңбы?"- деп сурады. Кыргыз тилден сабак берген мугалимибиздин тапшырмасы менен жазган "Жоокерден кат" деген дил баяным экен. Анан "Ооба өзүм оюман чыгарып жазып койдум"- десем, "Мен муну окуп ыйлабадымбы"- дейт атам. Ошондо атам "Журналист болсоң эл керегине жараган инсан болосуң. Ушул багытты байкап көрчү"- деди. Ошондон баштап журналистикага кызыга баштадым. Классташтарым сериалдарга кызыгып, чыдамсыздык менен күтсө, мен күн сайын ТВдан жаңылыктарды, журналисттик иликтөөлөрдү күтүп, көрүп, бат эле келечектеги кесибиме арбалып кеттим.
Мектепке бара элек кезимен эле атам күндө кечинде түрдүү жомокторду көркөмдөп айтып бергени, Манас эпосун толугу менен окуп бергени, жан дүйнөмдүн чыгармачылыкка жакын өсүшүнө таасир берди десем болот. Анан да атамдын чыгармачылыгына байланыштуу үйүбүзгө байма бай жергиликтүү телевидениелерден, газета журналдардан келип маек алып кетишчү. Чет жерден да келгендер абдан арбын болду. Ошонун бары кандайдыр бир деңгээлде бул жолду аркалап калышыма, өзүмдү чоочун сезбей, аралашып кетишиме себепкер болсо керек.
  • Атаңыз тууралуу ар бир жообуңузда эскерип жатасыз... Көпчүлүк Нурак Абдырахмановду залкар комузчу катары таанышат, анын өзгөчөлөнгөн сапаттарынан айтып берсеңиз? Бир туугандарыңыздын арасынан өнөрүн улагандар барбы?
Үй бүлөдө он төрт бир туугандын тогузунчусумун. Ошентсе да атамдын эрке кызы болдум. Ар дайым "сага эле жок дей албайм"- деп айтаар эле... Атама аябай жакын болуп чоңойгондуктан, орду аябай жоктолуп келет...
Атам колуна кайсы аспапты албаса, обон түшүрүп, кол ойното алчу. Комуздан башка, кыл кыяк, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, сыбызгы, чопо чоор, казак эл аспапбы добрада дагы күү чертчү. Аларды жөн эле чертпестен өз колу менен жасай да алчу.
Үйдө өзү түптөп алган устаканасы бар. Көпчүлүк атамды күүчү, обончу, аткаруучу, санжырачы, тарыхчы, уста катары таанышат. Атам болсо сүрөттү да мыкты тартчу, айкел да жасачу. Үйдө атам өз колу менен жасаган чоң атамдын чакан айкели бар.
Ойлоп тапкычтыгы да күчтүү болчу. Отунду аз талап кылып, бат ысыган меш ойлоп тапкан. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн архитектурасын да өзү чийген. Кыскасы кайсы ишти баштабасын ыгын таап, бат эле өздөштүрүп кетээр эле.
Азыр эми атамдын чыгармачылыгынан комузду аркалап келе жаткан эң кичүү бир тууган иним Эрнак, анан небереси Адилмырза бар. Ырчылыгын болсо эжем Ширин менен сиңдим Уузбийке алып жүрөт. Устаканасын байкем Алмаз менен инилерим Мундуз жана Арген иштетип жатат.
Мындан 9 жыл мурунку Нуркыз иште өзү үчүн гана жооптуу болсо, азыр башкарлар үчүн да жооптуу!
Нуркыз Абдырахманова
  • КТРКнын жаңылыктар бөлүмүндө көптөн бери жооптуу кызматты аркалап келесиз. Мүнөзүңүздө болгон кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?
Мындан 9 жыл мурунку Нуркыз иште өзү үчүн гана жооптуу болсо, азыр башкарлар үчүн да жооптуу. Кызматым жоопкерчилигимди болушунча арттырды, бекемдеди. Ыкчам иштегенге көндүм. Керек болсо, тамакты да бат жеп калдым. Элдер менен ээн эркин мамиле түзгөнгө көндүм.
Ал эми адамдык сапатымды алганда, ар дайым мүнөзүмдү бир калыпта сактоого аракет кылам. Анткени адамдын мүнөзү канчалык өзгөрсө, анын айланасындагы адамдар да ошого жараша өзгөрөт же өзгөрүүгө аргасыз болот. Мамилесинда ошого жараша жасай баштайт.
  • Журналист болуш үчүн сөзсүз тийиштүү билим керекпи же жөндөм маанилүүбү?
Ар бир кесипте эң башкысы жөндөмдүүлүк маанилүү, анан аны сөзсүз билим менен бекемдеп, тажрыйбаны кеңейтүү зарыл.
  • Чыныгы кесипкөй журналист кандай болушу керек?
Кесипкөй журналист болуу үчүн бул иштин күйөрманы болуу керек. Анан албетте жоопкерчилик.
  • Учурдун талабында кыргыз журналистикасына эмне жетишпейт деген ойдосуз?
Журналистиканын өсүп өнүгүшү үчүн эң негизгиси эле сөз эркиндиги керек деп ойлойм. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги кыйла эле жогорку баскычта.
Андыктан бул же тигил жетишпейт десек туура эмес го. Келечекте кыргыз журналистикасы эл аралык деңгээлге чыгып, атаандаштык жаратса деген илгери үмүтүм бар.


  • Аймактык жаңылыктардын жооптуу редактору болуп иштеп келесиз. Аймактарда кандай өзгөрүүлөр көп болууда?
Учурда демилгечил жаштар көп. Ошолордун акылы менен элет элинин бир топ көйгөйлөрү орундалып жатканы байкалат.
Албетте ири иштерге колдору жетпесе да, эмкана, бала бакча, ички жол, таза суу, айыл чарба, чакан ишкердик өңдүү аракеттерде иштин ыгын таап, башкаларга да үлгү болуп жаткандары кубандырат.
Ошол эле учурда мамлекеттин колдоосу менен ишке ашып жаткан ири долбоорлор ийгиликтүү аяктаса, ар бир дубандын эли инфрастурктурасы мыкты жетишкен, заманбап шартта, татыктуу жашаса деген тилегим бар.
  • Ар бир адамда өкүнүч болот, Сизде жүрөк өйүгөн кандай өкүнүч бар?
Өткөнгө өкүнүп жашоонун ордуна, туура тыянак чыгарып, сабак алып, аны кайталабоого аракет кылам..
Made on
Tilda