http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

11 Дек 2017 , 9:19 12640

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда террордук аракеттерди жасап, башаламандык уюштурууну көздөгөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. Согушкер УКМКнын террордук аракеттердин алдын алуу боюнча жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын алкагында колго түшкөн.

Кыргызстандык 28 жаштагы шектүү жаран 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын сентябрына чейин эл аралык террордук уюмдун катарына кошулуп, атайын машыгуудан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге да катышкан. Кийинчерээк ал эл аралык террордук уюмдун жетекчисинин буйрутмасы менен Кыргызстанга жиберилип, ишеничтүү кишилерди Сирияга жөнөтүп туруу милдетин алган. 

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.



Новости по дате