Кадыр Калилов
Журналисттин жашоосунда тыныгуу болбош керек. Ал ар дайым өзү тандап алган темасынын түйшүгүн тартканы эртеби-кечпи сөзсүз акыбетин берерин эске алуу зарыл.
Журналисттик кесипти 41 жылдан бери аркалап келген каарманыбыз Кадыр Калилов бир нече китептин автору,
учурда "Биринчи радиодо" кабарчы.
Туулган жердин топурагы алтын...
1956‑жылы өрүкзардын мекени Лейлек районунун Маргун айылында туулгам. Менин журналистикага болгон ышкым 4‑класста окуп жүргөндө башат алган. Анткени, ошол жылы "Классташтарынан калышпайт" аттуу чакан макалам райондук "Алга" гезитине жарык көргөн. Ошондогу кубанычым азыр да эсимде. Калем акы дегендин даамын ошондо татып калган жайым бар. Мектепти айылдагы орто мектептен бүтүргөнмүн. Мына ошол күндөн баштап анын ар кыл мазмундагы макалалары райондук, областтык, республикалык гезиттерге жарык көрүп келди.
1976‑жылы Советтик Армия катарынан келгенден кийин бир жыл Лейлек райондук "Алга" гезитинде кабарчы болуп иштедим.
Адеп келгенден бери 36 жыл арадан зымырап өтү...
КТРге 1981-жылы август айында келгем. Анда Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө 5-курста окучумун. Мамлекеттик практиканы жаштар редакциясында өтүп, кийин туз буйруп, ушул редакцияда редактор болуп иштеп калдым. Жаш кезде курч учур болот тура. Эч нерседен жалтанбаган, көздөгөн ойдон кайтпаган жалын курак эле. Азыр эми ойлосом, адеп келгенден бери 36 жыл арадан заматта зымырап өтүптүр. Адамдын мүнөзүн мезгил өзгөртөт экен. Азыр эми куракка жараша токтоо, сабырдуу, баарын акыл-эс менен калыс электен өткөргөн кезим.

2013-жыл, "Биринчи радионун" мурунку иш бөлмөсүндө.
Кадыр мырзанын радио журналистикадагы эмгеги жогору бааланып КТРКнын Ардак грамотасы, өз кесибинин мыктысы жана "КТРдин отличниги" төш белгилери менен сыйланган.
"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат"
Бала кезден гезит-журнал окуп, ошондогу кабар, макала жазгандарга суктана берчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө "Будал" гезиттин активдүү кабарчысы катары маалыматтарды жазып турчумун. Кокус, райондук гезиттен кабарчы айылыбызга келсе, андан калбай кайда барса артынан басканды сыймык көрчүмүн.
Иш учурунда.
Кыргыз радиосунда үзүрлүү кызмат өтөдүм
СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Улуттук университет) журналистика бөлүмүн 1982‑жылы бүтүргөндөн бери Кыргыз радиосунда үзүрлүү кызмат өтөп келдим. Алгачкы жылдары жаштар редакциясында иштеп, республика аймагындагы жаштар маселесин көтөрүп, жаштардын турмушу, орун алган көйгөйлөрү өңүтүндө угарман калкына мезгилге үндөш уктурууларды эфирге сунуштадым.
"Бишкек – Алма‑Ата", "Бишкек – Ташкент", "Бишкек – Дүйшөмбү" аталыштагы радио көпүрөлөрүн уюштуруп, аталган республикалардагы жаштардын жашоосу, демилгеси, улан‑кыздардын коомго болгон көз карашы менен жергиликтүү жаштарды кабардар кылдым.
Кесиптештеринин айтуусунда, чыгармачыл ишинде мээнеткеч, изденүү, түйшүкчүл сапаттары менен айырмаланат. Калеми курч, көтөргөн маселелерди терең талдап, иликтеп, калкка жеткирүүгө далалат жасап келгендиги менен өзгөчөлөнүп турат.
Чыгармачылыктагы басып өткөн жолу...
Адеп редактор, улук редактор, кийин бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары милдеттерин аркалап келдим. Республикабыздын бардык областарындагы аймактык кабарчылар менен иш алып барган тармакты жетектедим. Азыр "Биринчи радионун" кабарчысымын. Даярдаган "Жер жана адам", "Ардагер", "Улуу инсан", "Белгисиз тарых" программалары чыгармачыл жамааттын жогорку баасына татыды.
Бир нече китептин автору
Туңгуч китеби көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун элине сиңирген эбегейсиз эмгеги, республикабыздын социалдык‑экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салмактуу салымы туурасында "Ишмер инсан" деген аталышта 1995‑жылы жарык көргөн.
2-китеби өзүнүн кичи мекени Маргун айылы жөнүндө жазылган. Анда туулган айылынын тарыхы, айылдан чыккан белгилүү инсандар, элинин залкар таланттары, өнөрпоздору тууралуу баяндалган "Маргун баяны" китеби.
3-китеби мамлекеттик герб жөнүндө "Из" деген аталышта басылып чыккан. Анда мамлекеттик гербди жаратууда татыктуу эмгек арткан авторлордун изденүүсү, гербдеги чагылдырылган кыргыздын туу чокулуу тоолору, касиеттүү Ысык‑Көлү, өлкөбүздөн өндүрүлгөн талаа өсүмдүктөрдүн кеңири таржымалы баян этилген.
4-китеби болсо белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов жөнүндө жазылган. Анда Ибраимовдун коомго тийгизген өрнөктүү өмүр жолу, калкыбыздын жашоосун жакшыртуудагы ишмердиги, адамдык бийик касиеттери чагылдырылган. Китеп "Өчпөс ысым" деген аталышта жарык көргөн.
Журналисттик кесипти аркалаганыма 41 жыл болду. Анткени, 1976-жылы Лейлек райондук "Алга" гезитинде кабарчы болуп иштөө менен журналисттик кесиптин тизгинин колго алганмын. Эсте калган окуя арбын. Эң башкысы ушул ардак туткан кесиптин натыйжасында республикабыздын бардык аймактарын кыдырып чыгууга мүмкүндүк жаралды.
Раматылык Апаз Жайнаковдун чыгармачылык тушоосун кескен инсан экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Апаздын чыгармаларын жайылтууда да аракети мыкты экенин белгилеп кетүү зарыл.
Сыйлыктары
Айыл чарба тармагы боюнча "Жер жана адам" программасы аркылуу жер жана агрардык реформасын калкка жайылтуу максатында уктуруулар серияларын эфирге сунуш этип келет. Бул эмгеги айыл чарба министрлиги тарабынан жогору сыпатталып "КР айыл чарбасынын отличниги" төш белгисине татыган. 2000‑жылы КР президентинин алтын калем сыйлыгынын ээси болгон. Аталган сыйлыкка ал кезде татыктуу болуу үчүн өзү иштеген тармагына сиңирген эмгеги терең иликтөөдөн жана электен өтөрүнө мезгил күбө. Анын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы КР Ардак грамотасы менен 2003‑жылы сыйланган.
2015-жылы Анкарада ТРТнын башкы кеңсесинде түркиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашып кайткан.
Калилов: бош убактымда гезит-журналдарды окуганды жакшы көрөм.
Жаш журналисттерге кеп-кеңеш...
Азыркы жаш журналисттерде көп мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, алардын бактысына маалымат булактарынын мейкини кенен. Эң башкысы, өз алдынча издениши керек. Журналисттин жашоосунда тыныгуу болбошу зарыл. Ал ар дайым өзү тандап алган темасынын түйшүгүн тартканы эртеби-кечпи сөзсүз акыбетин берерин унутпашы абзел.
"Карынын сөзүн капка сал"
Журналист мезгилден артта калбашы кажет...
Журналист күндөлүк болуп жаткан маалыматтан арта калбашы керек. Бардык тармак боюнча маалыматы болушу заарыл. Гезит-журналдар, интернет, теле-радио материалдардын баарындагы маалыматтар менен кабардар болуп туруусу абзел.
Made on
Tilda