http://www.ktrk.kg/Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар КРге 2 млрд доллардан ашык акча которушкан

Чет жакта жүргөн кыргыз мигранттар КРге 2 млрд доллардан ашык акча которушкан

18 Дек 2017 , 11:03 8602

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 миллиард 88 миллион 730 миң доллар которгон. Улуттук банктан билдиришкендей, которулган каражаттын көлөмү өткөн жылга караганда 468 миллион 730 миң сомго өстү. Былтыр бул көрсөткүч 1 миллиард 615 миллион 110 миң доллардан бир аз ашкан. 

Россиядан — 2 миллиард 44 миллион 430 миң доллар которулса, калган сумма Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген. Маалым болгондой, чет жактарда миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.


Новости по дате