http://www.ktrk.kg/Терроризм, диний экстремизмге жоопкерчилик күчөтүлөт

Терроризм, диний экстремизмге жоопкерчилик күчөтүлөт

14 Март 2016 , 1:40 1540

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Терроризм, диний экстремизм жана сепаратизм боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандарга карата чара күчөтүлүп жатат. Парламент депутаттары бул көрүнүштөргө бөгөт койгон айрым мыйзам актыларына өзгөртүү-толуктоо киригизүүнү демилгеледи.Ага ылайык диний радикализм жана экстремисттик уюмдардын мүдөөсүн даңазалагандыгы үчүн соттолгондорго ырайым кылынбайт же алар мунапыска туш болбойт.

Дүйнө элин коопсуздук коркунучу тооруп турганда Кыргызстан да коопсуздукту камсыздоого ыкчам чаралардын кабыл алышы абзел. Бул максатта эл өкүлдөрү кылмыш жаза, кылмыш аткаруу кодекстерине жана “терроризмге каршы туруу” мыйзамына өзгөртүү-толуктоо киргизүүнү демилгелеп жатат.

 

Демилгечилердин бири депутат Улан Примовдун айтымында, барган сайын абалдын радикалдашып жатканы кооптуу. Маалыматтар боюнча Сирияга чыгып кеткен мекендештерибиздин саны алты жүзгө чамалайт. Атайын кызмат жүздөн ашык жаран диний экстремизм жана террорчулук кинеси менен соттолгонун билдирген.

Согуштук аракеттерге аттангандар чынында эле бейиш издеп кетип жатабы же маселенин түйүнү каражаттабы? Үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен кетип жаткандары дагы бар, Сирияга балдары, кыздары кеткендерин айтып бийлик өкүлдөрүнөн жардам күткөн ата-энелер дагы жок эмес. Депутаттар бул аракеттерге баргандарды 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатат. 

Жарандыгын тастыктаган документтерди берүү жол-жобосу да тиешелүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. Себеби Кыргызстандын паспортуна ээ болгон чет элдиктер Сирияда согуштук аракеттерде жүргөнү айтылган-дейт эл өкүлдөрү. Ошол эле учурда диний радикализм жана экстремисттик уюмдардын мүдөөсүн даңазалоо, таңулоого жана жайылтууга карата да жаза колдонуу сунушталып жатат. 

Мыйзамга кирип жаткан жаңы берененин дагы бири жардыруу, өрт жана башка жалган маалыматтарды тараткандарга карата да чаралар колдонулат. Адегенде административдик айыпка жыгылгандар, бул ишти кайталаса кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Мыйзам долбоорлору азыр фракциялар менен комитеттердин кароосунда, ошол эле учурда коомдук талкууда. Сунуш-пикирлер эске алынган соң мыйзам долбоору палатанын талкуусуна түшөт.

Н. Жумабекова, Э. Асанбаев,КТРК






 


Новости по дате