http://www.ktrk.kg/Бишкекте Президенттик балаты өттү

Бишкекте Президенттик балаты өттү

28 Дек 2017 , 18:57 10351

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Майрамдык иш-чаралар белгиленген Улуттук филармониянын ичи жомоктогудай жасалгаланган. Балатылар кооздолуп, жаңы жылдык белектердин үлгүлөрү коюлуп, майрамдык маанай байкалып турат. Кечеге жаш коноктор таң эртелеп келип, майрам башталганча бул жерде эстеликке сүрөткө түшүшүп, ал тургай саякаттоого да үлгүрүштү.


Майрамдык кечеге окуучулар өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган. Арасында окуунун мыктылары, олимпиаданын, эл аралык сынак, мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, Дача Судагы кырсыктан жабыркагандардын балдары жана АКШда хоккей боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болгон жаш хоккейчилер бар. Бөбөктөрдүн айрымдары Президенттик балатыга келүүдөгү, ага чакырылгандагы сезимдери менен бөлүшүштү. Арасында Аяз атага кат жолдогондор да жок эмес.

 Бөбөктөрдүн кыялдары толук ишке ашышына тилектеш экенин белгиледи президент. Айтымында, жаш муун биздин келечек, алардын жакшы тарбия, мыкты билим алышына азыртадан кам көрүү керек.

Өлкө башчысы бүгүн Президенттик балатыга катышып жаткан ар бир баланын мамлекетибиз үчүн салымын белгилеп жатып, алардын ичинен Америка Кошмо Штаттарында хоккей боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жеткен жаш спортчулардын аракетин өзгөчө баалады.


Президенттик балатыга келген окуучулар Сооронбай Жээнбековго атайын белек даярдашкан. Аны өлкө башчысына өздөрү тапшырышты. Өз кезегинде өлкө башчысы да балдарга белегин ыйгарды.

Кеченин мыкты болгону бөбөктөрдүн майрамдык маанайынан эле көрүнүп турду.

Майрамдын соңунда, иш-чаранын катышуучусу болгон бөбөктөрдүн бардыгына өлкө башчынын атынан белектер жана китептер тартууланды. 



Новости по дате