http://www.ktrk.kg/Бишкек - Ош жолундагы "Сосновка" постундагы чектөө алынды

Бишкек - Ош жолундагы "Сосновка" постундагы чектөө алынды

30 Дек 2017 , 9:09 2319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек - Ош жолундагы «Сосновка» постундагы чектөө алынды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 29-декабрда Бишкек - Ош унаа жолунун жол тыгындары болгонуна байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. 

Ал эми кийинчерээк Жайыл районундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген. 30-декабрда таңга маал «Сосновка» постундагы чектөө алынып, бирок унаалар 500 метр аралыкта бир өткөрүлүп жатат. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыгууга камданган айдоочуларды этият болуп, белгиленген аралыкты сактоого чакырууда.

Новости по дате