http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда 1-январдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайларга арналган сүйүнчү акча бериле баштады

Кыргызстанда 1-январдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайларга арналган сүйүнчү акча бериле баштады

8 Янв , 23:00 5447

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир жолу бериле турган сүйүнчү акча ар бир төрөлгөн ымыркайга чегерилет. 2018-жылдын 1-январынан тарта минтип жарык дүйнөгө ыңаалап келген ымыркайларга сүйүнчү акча бериле баштады. Бир жолу берилүүчү сүйүнчү жөлөк пул жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга бирдей чегерилет. Үй-бүлөдө эгиздер, үч эм же төрт эм төрөлсө сүйүнчү акча ар бир балага берилет. Кара-Балта шаарынын тургуну Зита Сагалиева 7-январь күнү төртүнчү кызын жарык дүйнөгө алып келди.

Ал буга чейинки балдарына сүйүнчү акча алган эмес. Кыздуу болуп сүйүнүп турган эне сүйүнчү акча берилээрин укканда ого бетер кубанычына кубаныч кошулду. Сүйүнчү акча аз да болсо тыгынчык болот деген Зита айым төрөтканадан чыккандан кийин Кара-Балта шаарындагы эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылат. Сүйүнчү пулдун өлчөмү төрт миң сомдон жети миң эки жүз сомго чейин. 

Бийик тоолуу же алыскы аймактарда жашаган жерине жараша сүйүнчү акчага тиешелүү коэффициенттер кошулуп берилет. Кыргызда бала төрөлгөндө сүйүнчүлөгөнгө бешик бооңор бек болсун деп, сүйүнчүнүн акысын беришкен. Сүйүнчү акча да мамлекет тарабынан берилген колдоо. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей жаңы-жыл түнү эле өлкө боюнча 311 бала жарык дүйнөгө келди. Эсеп боюнча алардын баарына мамлекеттик бюджеттен 1,2 миллион сом бөлүнүшү керек. 





Новости по дате