http://www.ktrk.kg/Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгы толук иликтенип бүттү

Темир Жумакадыров кабылган жол кырсыгы толук иликтенип бүттү

9 Янв 2018 , 5:39 20139

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Вице-премьер министр Темир Жумакадыров мерт кеткен жол кырсыгы толук иликтенип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

ИИМдин Москва райондук сотунун иликтөө кызматы тийиштүү материалдарды сотко өткөрүп берди. Эске салсак, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров отурган автоунаа 7-октябрда эртең мененки саат 7:15 чамасында Бишкек - Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылынын тушунан “КамАЗ” менен сүзүшкөн. 

Темир Жумакадыров Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан. Жумакадыров менен кошо жардамчысы жана айдоочусу да окуя болгон жерде мерт болгон.


Новости по дате