http://www.ktrk.kg/"Бактылуу айым" теледолбоору 4 айымды Дубайга эс алууга алып кетти

"Бактылуу айым" теледолбоору 4 айымды Дубайга эс алууга алып кетти

9 Янв , 10:10 9363

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Бактылуу айым" теледолбоору төрт айымды Дубайга эс алууга алып кетти. Долбоордун каармандарынын арасынан жети айым тандалган. Калган үч айым үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жана документтери туура келбей калып бара албай калышкан. 

Белгилей кетсек, "Бактылуу айым" социалдык долбоор жана анда жардамга муктаж айымдарга жакындан маанайын көтөргөн кеп-кеңештер берилип, ошол инсанды ар тараптан ачып көрсөткөнгө аракет жасалат. 

2 жылдан бери эфирге чыгып келе жаткан бул көрсөтүүдө, жалпысынан кырк бештен ашык айым телестудияга мейман катары чакырылып, алардын ар түрдүү тагдырлары тууралуу сөз болгон.







Новости по дате