http://www.ktrk.kg/Баш калаанын абасынын булганышына жеке тараптар да күнөөлүү

Баш калаанын абасынын булганышына жеке тараптар да күнөөлүү

10 Янв , 23:03 269

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баш калаанын абасынын отуз пайызын жеке тараптар булгашат. Буга кышкысын жеке турак жай ээлери менен мончолор жаккан от кирет. Сууктун түшүшү менен айрым жеке тараптар капчыгына үнөмдүү деп өндүрүштөн чыккан калдыктарды дагы өз кызыкчылыктары үчүн жагышат.

Бишкектин абасы канчалык булганганын аныктоочу жабдыктарды активисттер жакында эле орнотушту. Анын маалыматтары “Аба.кж” сайтына жарыяланып турат. Мобилдик тиркемеде көрүнгөндөй, борбор калаанын абасы таза эмес. Абал ушул бойдон улана берсе, шаардыктардын саламаттыгына тийген зыян өсөт. Андыктан абаны таза сактоодо комплекстүү чаралар көрүлүшү керектигин адистер белгилешет.


Новости по дате