http://www.ktrk.kg/Бишкектин тургундары абанын булганышына тынчсызданышууда

Бишкектин тургундары абанын булганышына тынчсызданышууда

10 Янв , 22:29 620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жылдык майрамдардан кийин ордо калаа тургундары абанын булганышы боюнча тынчсыздануусун билдирип чыгышты. Маселе социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, жагдайга Бишкек жылуулук берүү борборунан чыгып жаткан түтүн себепкер экендиги айтылууда. 

Бишкек жылуулук берүү борбору модернизациядан өткөндөн бери абага зыяндуу заттарды чыгарбай калган. Анткени жагылган көмүрдөн чыккан түтүндүн баары алгач чыпкаланып анан кийин гана абага кое берилет. Борбордун жетекчилиги түшүндүргөндөй, абанын ышталышы автоунаалардын көбөйүшүнө жана менчик жер тамдардан чыккан түтүнгө байланыштуу. Бишкек жылуулук борборундагы мына бул обьектинин ичинде 9 кат чыпкалоочу жабдык жайгашкан. Борбордон жагылган көмүрдөн чыккан түтүндүн баары алгач ушул обьектиге келет дагы, бир нече ирээт тазаланып анан абага чыгарылат. Өзүңүздөр байкагандай, жылуулук берүү борборундагы түтүн чыгуучу түтүктөрдүн баардыгы дал ушул обьектинин үстүндө жайгашкан.

Жер тамдарда үйдү жылытуу үчүн мешке от жагылганда мор аркылуу абага түтүн, көө жана башка заттар бөлүнүп чыгат. Экологдор баамдагандай асмандагы кара булуттун калыңдашына ушул мештен чыккан түтүндөр менен өнөр жай ишканаларынан, транспорттон чыккан чаң, буу, түтүндөр дагы бараандуу салымын кошуп жатат. 


Новости по дате