http://www.ktrk.kg/Кыргыз жаңгагы Орусияга эмне үчүн киргизилген жок?

Кыргыз жаңгагы Орусияга эмне үчүн киргизилген жок?

11 Янв , 12:03 4697

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын 4 тонна жаңгагы Орусиянын “Карасук” постунан кайра кайтарылды. Буга азыктын фитосанитардык коопсуздугун ырастаган тиешелүү документтери жок экени себеп болгон. Орусиянын айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөө кызматы билдиргендей, инспекторлор 2018-жылдын январынын башында “Карасук” фитосанитардык постунда карантиндик продукцияны кармашкан. Продукция унаа каражатында Новосибирск жана Кемерового ташылып бара жаткан.

Жаңгак Жалал-Абад облусунун товары экени тастыкталды. Бирок, аталган облуста фитосанитардык лабараториянын жоктугунан экспортко чыга турган азыктарды Оштогу же Бишкектеги фитосанитардык лабараториялардан көзөмөлдөн өткөрүү зарылдыгы келип чыгарын облустук агрардык башкармалыктын өкүлү Абдикарим Миррахимов маалымдады. Кыргыз жаңгагынын Орусиянын чек арасынан кармалышы  коомчулукта кызыгууну жаратып жатат, - дейт айыл чарба тармагы боюнча талдоочу  Сейтек Кулубаев. Анткенни, кыйла жол басывп, чек арадан өтьпөй калуу канчалаган  чыгымды алып келерин эске салат. Ошондуктан мындай жагдайды жеңилдетүү жагын ЕАЭБге кирген мамлекеттер дагы карап чыгуусу зарылдыгын белгиледи.

Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчиси Амангелди Исаев бул мисалды туура эмес, мыйзамга туура келбейт деп эсептейт. Анткени, жүктү сыртка алып чыгарда милдеттүү түрдө товарды тастыктаган сертификат алууга милдеттүү экенин эске салат. Экинчи, азыркы ЕАЭБдин талабы боюнча чек араларда фитосанитардык  көзөмөл алынып салынган кошумчалады. Карантиндик мыйзамдардын талаптарына ылайык  Орусиянын аймагына жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги продукцияларды ташууга  тыюу салынганын адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"

Новости по дате