http://www.ktrk.kg/КТРК ата мекендик аткаруучулардын автордук укуктарын коргоого даяр

КТРК ата мекендик аткаруучулардын автордук укуктарын коргоого даяр

11 Янв 2018 , 10:20 18092

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы өлкөдөгү негизги медиа уюм катары биринчилерден болуп, медиа базардагы ата мекендик аткаруучулардын автордук укугун коргоого көңүл бурганга даяр. 

Бүгүнкү күндө, “Автордук укук жана чектеш укуктар” мыйзамы сакталбай, чыгармачыл жана музыка чөйрөсүндө музыкалык чыгармалардын, интеллектуалдык менчиктердин автордук укуктары бузулуп жаткандыгы жаңылык деле эмес. 

Кыргызстанда биринчи жолу телерадиоберүүлөрдөгү музыкалык жана башка контенттерди көзөмөлдөөчү медиа кызмат пайда болду. Мындай кызматты ТМС (Тынчтыктын мониторинг системасы) компаниясы көрсөтүп, эфирден  кеткен видео жана аудиороликтер тууралуу жана  статистика боюнча ай сайын  отчет берип турушат.

ТМС компаниясынын ай сайын түзүлгөн отчеттеру бекитилип Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) автордук мыйзамдарды сактоого жөнөтүлөт. 

2018-жылдын 12-январында КТРКнын имаратында аталган компаниянын кызматынын бет ачары өтөт. Мындан тышкары Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен ТМС компаниясынын ортосундагы келишимге расмий кол коюлат.

Новости по дате