http://www.ktrk.kg/КТРКнын эфиринен өткөн бардык музыкалык чыгармалар автоматтык түрдө эсептелет

КТРКнын эфиринен өткөн бардык музыкалык чыгармалар автоматтык түрдө эсептелет

13 Янв , 17:02 847

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Автордук укуктарды коргоонун жаңы тутуму коомчулукка тартууланды. Ал "Тынчтыктын мониторинг системасы" деп аталып, телевидение жана радионун эфиринен өткөн чыгармалардын чыгуу санын аныктайт. 

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жана долбоордун жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. 

Эми Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эфиринен өткөн бардык музыкалык чыгармалар автоматтык түрдө эсептелет. Бул аткаруучулардын жана музыканттардын автордук укуктарын коргоого өбөлгө түзөт. Ал эми КТРК мындай келишим менен "Таза Коом" долбоорун ишке ашырууга кадам таштады, - дейт Илим Карыпбеков.



Новости по дате