http://www.ktrk.kg/Бөйрөк оорулары менен жабыркагандар дарылардын асман чапчыган баасына нааразы

Бөйрөк оорулары менен жабыркагандар дарылардын асман чапчыган баасына нааразы

15 Янв , 12:57 12121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда органдарды алмаштыруу системасын өнүктүрүү зарылдыгын бөйрөгү ооруган жарандардан түзүлгөн коомдук уюмдун өкүлдөрү айтып чыгышты. Муну менен катар алар кымбат дарыларды арзаныраак баада сатып алуу үчүн дары чыгарган заводдор менен тикелей келишим түзүү керек деген сунушун беришти. 


Органды алмаштыруунун өзү, андан кийинки ичүүчү дарылар кымбат. Мамлекет мындай жарандардын 5 айга жетүүчү дарысын акысыз камсыздоо милдетин алган. 

Калган маалдагы дарыларды оорулуулар өз каражатына сатып алышы керек. Маселе мамлекет сатып берген дарылардын өтө кымбаттыгында жана ал дарыларды дарыканалардан сатып алууга мүмкүн эместигинде. 

Ошондуктан дарыларды тендер аркылуу ортомчу компаниялар аркылуу эмес, аны чыгарган заводдордун түз сатып алуу сунушун “Жашоого үмүт” коомдук уюмунун өкүлдөрү айтышууда. 

 




Новости по дате