http://www.ktrk.kg/Циркте ат, арстан жана жолборс менен алышты

Циркте ат, арстан жана жолборс менен алышты

16 Янв , 17:09 9552

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайда цирктеги арстан менен жолборс көрүүчүлөрдүн көзүнчө жылкыга кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя өткөн дем алыш күндөрү Хэбэй провинциясындагы Цансянь уъездинде болгон. Элге шоу тартуулап жаткан учурда жырткычтар көзөмөлдөн чыгып кетип жылкыга кол салган. 

Тулпар жырткычтардан качып манежди айлана чуркаган. Бирок жапайы мышыктар циркачтарга көпкө чейин баш берген эмес. Акыры жырткычтарды таяк, камчы менен ургулап жатып жылкыны аман алып калышкан.




Новости по дате