http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө  ак куу аткандар кармалды

Ысык-Көлдө ак куу аткандар кармалды

18 Янв 2018 , 5:57 1541

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ак кууну аткан бүлдүргүчтөр кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин райондогу өкүлү, токойчу Марат Токтогулов билдирди. Анын айтымында, "Талаада белгисиз бирөөлөр аңчылык кылып жүрөт" деген кабар келип түшкөн.

Текшерүүгө барганда мылтык көтөрүп жүргөн бир топ балдар токойчуларды көрүп качып жөнөгөндө, токойчулар аларды кууп барып кармаган. Ок атылган жерлерди текшергенде жараланган ак куу табылган. Жаныбарды аткандар: "Ак куу негизи ак болот да. 

Каз экен деп ойлоп, билбей атып алыптырбыз," - деп актанган. Бирок аларга карата протокол түзүлүп, 25 миң сом айып пул салынган. Ал эми жараланган ак куу Каракол шаарындагы “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилген. 

Анда иштегендер кушту рентгенден өткөрүп, омурткасы сынып кеткенин аныктап, дарылаш үчүн Бишкекке алып келгенде ак куу өлүп калган. Ак куу Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген, аны атууга тыюу салынат. Ысык-Көл облусунда 400дөн 700гө чейин ак куу кыштай тургандыгы айтылат.


Новости по дате