http://www.ktrk.kg/Бишкекте гриль бышырып сатуучу дүкөн өрттөндү

Бишкекте гриль бышырып сатуучу дүкөн өрттөндү

19 Янв 2018 , 5:06 11693

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан гриль бышырып сатуучу дүкөндө өрт чыкты. ӨКМдин маалыматы боюнча, алгач гриль жасаган аппарат күйгөн.

Өрттүн кесепетинен бөлмөнүн желим шыбы, эшик, 3 даана газ баллон, муздаткыч жана башка техникалык жабдуулар, эмеректер өрттөндү. 

Адамдар жаракат алган эмес. Учурда өрттүн себеби жана чыгымдын көлөмү такталып жатат.


Новости по дате