http://www.ktrk.kg/Мас абалда унаа башкарган тергөөчү кызматынан бошотулду

Мас абалда унаа башкарган тергөөчү кызматынан бошотулду

19 Янв , 11:15 13702

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мас абалда унаа башкарып, жол-транспорт кырсыкка кабылган Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү кызматынан бошотулду. Ал эми, Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан төмөндөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде жасалган кызматтык териштирүүнүн тыянагы боюнча, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жүрүм-турум кодексиндеги, РИИБдин ички кызмат жобосундагы, РИИБдин дисциплинардык жобосундагы эрежелерди одоно бузгандыгы үчүн Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү, милициянын майору К.Т. Кыргызстандын ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулду.


Новости по дате