http://www.ktrk.kg/Талас: Кызыл-Адыр айылында барак тибиндеги үйдөн өрт чыкты

Талас: Кызыл-Адыр айылында барак тибиндеги үйдөн өрт чыкты

19 Янв 2018 , 5:18 995

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай көчөсүндө жайгашкан барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыкты. 

ӨКМ бүгүн, 19-январда билдиргендей, өрттүн кесепетинен 4-батирдин кире бериштеги бөлмөсүнүн 2 чарчы метр шыбы жана меш күйгөн.

Адамдар жаракат алган жок. Меш менен мордун туура эмес түзүлүшү бул өрткө себеп болгон.


Новости по дате