http://www.ktrk.kg/Ош облусу менен Ош шаарынын футзал боюнча XII чемпионаты башталды

Ош облусу менен Ош шаарынын футзал боюнча XII чемпионаты башталды

20 Янв , 19:18 1564

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусу жана Ош шаарынын футзал боюнча XII чемпионаты башталды. Бүгүн, 20-январда башталган чемпионат 4-мартка чейин улантылат. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, турнирде күч сынашуу үчүн 23 команда чогулган. 

Алар эки топко бөлүндү. Кыргызстандын Футбол федерациясынын Ош шаарындагы өкүлү Тимур Абдуллаевдин айтымында, бул турнир Ош шаарында жыл сайын уюштурулуп, салтка айланып калды.
«Командалар Ош облусу менен Ош шаарынын чемпиондугу үчүн күч сынашат. Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан сыйланып, ошондой эле баш байге — Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатына жолдомо алышат. Турнирдин демөөрчүлөрүнүн колдоосу менен "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" наамынын ээси болгон оюнчуларга да байгелер тапшырылат», - деди Т.Абдуллаев.


Новости по дате