http://www.ktrk.kg/Кыргыз бермети Ысык-Көлдү таштандыдан кантип арылтабыз?

Кыргыз бермети Ысык-Көлдү таштандыдан кантип арылтабыз?

24 Янв 2018 , 11:39 3039

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз бермети Ысык-Көлдү таштандыдан кантип арылтабыз. Бул маселе акыркы эки жылдан бери көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Айрым коомдук уюмдар, айрыкча жаштар биргелешип ишембилик иштерин уюштурганы менен таштанды кайрадан эле толуп калууда.  Азыркы тапта көл жээгиндеги желим, баштыктар,бөтөлкөлөр өзгөчө коркунуч туудуруп жатат. Бул багытта облус жетекчилиги Ысык-Көлгө мындай зыяндуу заттарды киргизбей, тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө. Бирок бул демилге өзүнүн жыйынтыгын кандай берет, жана бул кантип көзөмөлдөнүп ишке ашары толук иштелип чыга элек. 

Ысык-Көл облусуна кирип келе жаткандагы Боом капчыгайы. Дал ушул жерден Кыргыз берметине келе жаткан коноктор, эс алуучулар кооз жаратылыштан биринчи таасир алат. Бирок бийик, көз суктанткан тоолордун көркүн шамалга желбиреген пластик пакеттер бузуп турат. Анан калса тамактануучу жайлардын алды таштандыга толгонун көрсөң болот. Ал эми соода түйүндөрү тегерек четин иретке келтирбей, бөтөлкөсүн, башкасын каалаган жерине топтоп, тазалыка кайдыгер.

Ал эми бул жер Ак-Суу районундагы Кара-Жал айыл өкмөтүнүн көл жээги. Пляжды иштеткендер артынан таштандыны тазалабай таштап кеткен. Бул жерден ижарачы көп каражат тапса керек. Бирок экинчи кайра кайрылып келбечүдөй болуп таштап кеткен.Мындай таштандыга толгон көл жээктери жалпы эле облус боюнча орун алган десек жаңылышпайбыз.

Эске сала кетсек азыр дүйнө жүзү боюнча пластик пакеттер, желим бөтөлкө жана башка зыяндуу нерселерден баш тартуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бул багытта азыр дүйнөнүн отуз бир өлкөсү ар кандай долбоорлорун сыноодо. Ал эми айрым өлкөлөр аларды жыл сайын он беш пайызга азайтса, айрымдары пластик баштыктарын саткандарга салык киргизип, аларды колдонууну токсон пайызга азайта алган.






Новости по дате