http://www.ktrk.kg/Таласта электр энергиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү эки эсеге көбөйдү

Таласта электр энергиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү эки эсеге көбөйдү

25 Янв 2018 , 16:36 13836

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас аймагынын электр энергиясын колдонууга мүмкүнчүлүгү эки эсе көбөйдү. Мурда облуста 60 мегаватт Ампер өлчөмүндө электр энергиясы бөлүштүрүлсө, эми былтыркы жылдан бери 135 мегаватт ампер өлчөмүндө электр энергиясы бөлүштүрүлөт.

Ал эми Талас шаарын толук электр энергиясы менен камсыз кылып турган бул Талас көмөкчу чордону мурда 25 мегаваттык гана транформация менен турса, эми 40 мегаваттык трансформацияга жетти. Бул жабдык Кытайдан алынып келинди.



Мына ушундай кубаттуу трансформацияны орнотуруу Семетей көмөкчу чордонунда болду. Анда буга чейин 125 мегаватт кубатындагы трнсформация болсо, эми ага кошумча дагы 125 мегаватт кубатындагы трансформация кошулуп, жалпы 250 мегаватт кубатына жетти. 


Белгилей кетсек, Талас районун тейлеген бул трансформация Таласка келген жаны жабдыктардын бири. Ал эми Кара-Буура районунун тейлеген Киров көмөкчу чордонунун мурда кубаттуулугу 32 мегаватт болсо, эми 25 мегаваттык трансформация алып келинип, аталган көмөкчу чордондун жалпы кубаттуулугу 41 мегаваттка жетти.

Белгилей кетсек, Талас облусу 2000-жылга чейин толугу менен Казакстандын электр энергия системасында болуп келген. Кийин гана Кыргызстандын электр энергия шакекчесине кошулган. 2000-жылдан бери Казакстандын электр энергиясынан Таластын Манас району жана Кара-Буура районунун аз бөлүгү 25 мин мегаватт гана алат. Эми 2017-жылдагы көмөкчу чордондордо жаны трансформациялардын коюлушу менен Талас облусу сырткы энергетикалык муктаждыктан толук бошонду.

Таласта 14 көмөкчу чордон иштейт. Жалпы абоненттин саны 45 мин. Жылына Талас облусу 460 миллиондой киловатт электр кубатын алат. Көмөкчу чордондордогу тетик-жабдууларды совет доорунан калганын жанылоо 1997-жылдары болсо, 20 жылдан кийин 2017-жылы кайра жаныланды. Анын натыйжасынан облус боюнча көмөкчу чордондордун кубаттуулугу 60 мегаваттан былтыртан тартып 135 мегаваттка жетти.



Новости по дате