http://www.ktrk.kg/Жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы бирдикте иштейт

Жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы бирдикте иштейт

16 Март 2016 , 11:46 2297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бул Кыргыз Өкмөтүнүн  2016-жылдын 3-мартындагы  №112-Жобосу  менен бекитилди.  Бирок, жол кайгуул  кызматына тиешелүү функциялар өзгөрбөйт. Анткени, ал  укук бузууларга тезирээк чара көрүүгө шарт  түзөт. 

Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз көрмө камера бир айда болжолдуу түрдө 30 миллион сом айып акча тапканын ИИМдин башкы штабынан маалымдашты. Бул акчага ай сайын 8 көрмө камера сатып алууга болот. Бул ыкма жол эрежелерин бузган бардык жарандарды айыпка тартууда жаңылык экенин укук коргоо боюнча серепчи Токтогул Какчекеев белгиледи. 

Буга чейин жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы тууралу коомчулукта нараазылык көз караштар айтылып келген. Ошондуктан аталган эки кызматты бириктирип бир кызмат түзүү зарылдыгы келип чыкканын  ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов ачыктады. Жаңы кызматтын ачылышын ички иштер органында жүргүзүлүп келген реформанын натыйжасы катары кабыл алууга боло турганын айтат.                                                                                             Өкмөттүн токтому боюнча Кайгуул милиция башкы башкармалыгы  жол кайгуул кызматынын укук мураскери болуп эсептелет деп так көрсөтүлгөн. Тактап айтканда буга чейинки жол кайгуул кызматына тиешелүү функциялар ошол бойдон кала берет. Жол кайгуул кызматына тиешелүү функциялар өзгөрбөй турганын жол кайгуул башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Жол кайгуул жана кайгуул-күзөт кызматтарын кайра түзүү,  жол жана коомдук коопсуздукту чыңдоо, жасалган кылмыштар тууралуу келип түшкөн маалыматтарга ыкчам чара көрүү, кылмыштын “изи сууй” элегинде, бетин ачуу, ошондой эле патрулдук милицияны түзүү жолу менен милиция кызматкеринин имиджинин жаңы социалдык жүзүн коомдун аң-сезимине калыптандыруу максатында иштелип чыкканын ички иштер органынын адистери белгилешет.   Бул реформа ички иштер органдарынын кызматкерлеринин имиджин өзгөртөт жана башкаруу аппаратын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Кадыр Калилов, БИРИНЧИ РАДИО

Новости по дате