http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын беш облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринде депутаттар шайланды

Кыргызстандын беш облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринде депутаттар шайланды

29 Янв 2018 , 5:40 6171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын беш облусунда айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Добуш берүү тынч, жогорку уюшкандыкта өтүп, өз убакыт саатында жыйынтыкталды. 

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине өттү. Андан сырткары шайлоочулар Чүй облусунда 4 айылдык кеңешке жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарына добуш беришти. 

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда 1 айылдык кеңешке жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Нарын облусунда 1 жана Ош облусунда 2 айылдык кеңешке шайлоолор өткөрүлдү. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылып, бир нече күндөн кийин жеңүүчүлөр расмий түрдө аныкталат.


Новости по дате