http://www.ktrk.kg/Шаардык жылуулук борборундагы авария калыбына келтирилүүдө

Шаардык жылуулук борборундагы авария калыбына келтирилүүдө

29 Янв 2018 , 7:10 15167

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шаардык жылуулук борборундагы авария калыбына келтирилүүдө. Буга байланыштуу тасма Улуттук энергетикалык холдингдин социалдык баракчасына чыкты. Бишкек ЖЭБинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер жана жоромолдор болуп жатат.

Ошондуктан холдингдин кызматкери тасмада чынында кайсыл жерде бузулуу болгонун жана абалы кандай экенин түшүндүрүп берүүдө. Жумушчулар оңдоо менен алек болуп, калыбына келтирүү иштери ыкчам жүрүп жатканы айтылат.

Бүгүн дагы, Бишкек Жылуулук электр борборунда №24 кошумча агрегатты иштетүү маалында диаметри 60 миллиметр болгон түтүк жарылып кетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева социалдык тармакка жазып чыкты. "Кызматкерлер тез арада чара көрүп, жарылган жерди калыбына келтирип жатышат. Түтүктүн жарылып кетишине 20 градустук суук себеп болду", — деп жазды Айдаралиева. 

Ошондой эле ушул тапта кошумча №23 агрегатты ишке киргизүү пландалып жатканы, жүгүрүктөгү суунун жылуулугу 50-60 градустун тегерегинде экени айтылды.



Новости по дате