http://www.ktrk.kg/Талас облусундагы "Жана" каналы тазаланууда

Талас облусундагы "Жана" каналы тазаланууда

29 Янв 2018 , 7:41 1950

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусундагы "Жана" каналы ар кандай агындылардан тазаланып жатат. Каналды тазалоого облустук Бассеиндик суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү техникалар менен чыгышкан. Белгилей кетсек, аталган каналдан Талас, Бакай-Ата райондорунун миңдеген айдоо жерлери суугарылат. 

Буга чейин Чолок каналынын жээктери оңдолуп, тазаланган. Бул үчүн өкмөттөн 2 млн. сом каражат каралган. Талас облусундагы башкы каналдарды тазалоо иштери жылына маал-маалы менен жүрүп турат. 

Ири суугат каналдарынын оңдолушу менен быйыл дагы 4 миң гектардан ашуун айдоо жери өздөштүрүлөөрүн адистер билдирет.


Новости по дате