http://www.ktrk.kg/Ошто өз энеси темир идиш менен сабаган бала комага түштү

Ошто өз энеси темир идиш менен сабаган бала комага түштү

5 Фев , 23:20 18331

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өз энесинин колунан катуу таяк жеп, эстен танган абалда келген наристе азыр Ош облусттук балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. Баланын өмүрүн сактап калууга дарегерлер болгон күч-аракеттерин жумшоодо. Эне баласын шымына заара ушатып койгону үчүн темир буюм менен сабаган. Бейкүнөө баланын чымындай жанын чыркыратып сабаган эне учурда Ош шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына 2 жаш 8 айлык баланы оор жаракаты менен, эс-учун жоготкон абалда “тепкичтен кулап кетти,”- деп, баланын жакындары алып келген. 3 сааттык текшерүүдөн кийин, дарыгерлер баланы катуу сабалган деген бүтүм чыгарышкан. Зомбулуктун курмандыгы болгон-Бексултандын денесинде сабалбай калган соо жери жок. Арка бели, колу, буттары көгөрүп, баш сөөгү майда шишиктерге толгон.

Наристенин абалы учурда оор бойдон калууда. Дарыгерлердин айтымында бала буга чейин да ур-токмокко кабылган. Муну анын денесиндеги эски жарааттын издери далилдеп турат. Эң өкүнүчтүүсү, балага мындай ырайымсыз аракет өз энеси тарабынан жасалган. 

Шектүү -Диана Авазбек кызы, Ош шаарында эжеси менен бирге турчу. Ал баласын, шымына заара ушатып койгону үчүн темир идиш менен сабаган. Буга чейин да баланын шоктугу үчүн какус-кукус кылып коюп жүргөн эне, бул жолу катуу уруп алганын моюнга алды. 

Кандай болгон күндө да, бул көрүнүштү актай турган жооп жок. Адистер айтмакчы коомдогу мындай жагымсыз жагдайлардын келип чыгышына кайдыгерлик, жаштардын турмушка болгон жеңил көз-карашы, адепсиздик жана ата-эненин жоопкерчиликсиз мамилеси негиз болууда. 

Зейнеп Эшмуратованын айтымында, тилекке каршы, балдар запкы тарткан ырайымсыз көрүнүштөр соңку кездери коомдо көп кездешүүдө. Жыл башынан тарта бир эле Ош шаарында 3 учур катталды. Бешинчи кабаттагы терезеден кулап, жан берген беш жаштагы баланы өз энеси үйгө жалгыз таштап, бакчага кетип калган. 12 жаштагы дагы бир өспүрүм өз үйүндө белгисиз сбептерден улам, каза тапкан. Үч жыл мурда аталаш агасынан запкы жеген эки жашар Ибрагимдин оор тагдыры элдин эсинен али кете элек. Наристени катуу ур-токмокко алып, атүгүл сексуалдык зомбулук жасаган Жаныбек Түлөбеков, Аламүдүн райсоту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми, Түлөбековдун жубайы болсо, жасаган кылмышы үчүн 15 жылдык өмүрүн абакта өткөрө турган болду. Азыр Ибрагимдин жашоосу дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, Бексултан өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатат. Эсине келе албай жаткан Бексултандын ден соолугуна дарыгерлер чоң күмөн санаганы менен, баланы сактап калууга болгон аракетин жумшашууда. 


.

Новости по дате