http://www.ktrk.kg/Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул алууга арыздар түшө баштады

Жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул алууга арыздар түшө баштады

7 Фев , 22:26 1117

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн бир жолу берилчү сүйүнчү пул алууга арыздар түшө баштаганын Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-февралдан тарта Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, Калкты тейлөө борборлору, маалыматтык киоскилер арыздарды кабыл алып, ушу тапта сегиз адамдан билдирме келип түштү. 

2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" Мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Анда ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берүү каралган. 

Ал эми Каттоо кызматынан учурда өлкө боюнча 363 маалымат киоску, 58 нике каттоо бөлүмү, 22 калкты тейлөө борбору иштей турганын билдиришти.


Новости по дате