http://www.ktrk.kg/Кен байлыктарды колдонууда экологияны сактоо эске алынат

Кен байлыктарды колдонууда экологияны сактоо эске алынат

7 Фев 2018 , 23:20 2317

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгына, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алган учурунда билдирди. 

Талкууда өндүрүшкө тиешелүү маселелерди саясатташтырбоо зарылдыгы, экологияга зыяны жок болсо инвесторлордун иштешине мүмкүнчүлүк түзүү берүү артыкчылыктуу багыт экени белгиленди.

Азыркы учурда аймактарды өнүктүрүү жарлыгынын негизинде, 2018-2025-жылдарга карата өлкөнүн өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча Программасы иштелип жатат. Ал аймактардагы өнөр жайды өнүктүрүүгө керектүү чараларды иштеп чыгууга багытталып, өнөр жай аймактарында башкаруунун кластердик принциптерин киргизүү менен жумушчу күчтөрдү жайгаштыруу маселелерин камтыйт.


Новости по дате