http://www.ktrk.kg/Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды

9 Фев 2018 , 20:31 1232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2017-жылы өлкө аймагында 350 чакырым жол оңдолгон. Ага 4 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат сарпталган. 

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди. Бул жылы бир нече асфальт чыгаруучу заводдор ишке киргендигине байланыштуу, жолдорду оңдоо боюнча жакшы көрсөткүчкө жетишилди. 

Мекеме 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, жолдорду оңдоого дагы 1 миллиард сом жумшоо планы бар экендигин маалымдады. Учурда өкмөт каражат бөлүп берүү маселесин карап жатат.


Новости по дате