http://www.ktrk.kg/Салыктан 2 айда 10 млрд. ашык сом чогулду

Салыктан 2 айда 10 млрд. ашык сом чогулду

17 Март 2016 , 6:10 879

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 10 млрд 169,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

"Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды. 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 629,3 млн сомго жеткен, тактап айтканда төлөм 34,9 пайызга жогорулады" - дейт салыкчылар.

ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктардын келип түшүүсү болжолдогу 2 млрд 486,2 млн сомдун ордуна 2 млрд 777,7 млн сомду түзсө, аткаруу 111,7 пайызды түздү же 291,5 млн сомго ашык аткарылган.



Новости по дате