http://www.ktrk.kg/Энесинин колунан сабалып, комада жаткан наристе көз жумду

Энесинин колунан сабалып, комада жаткан наристе көз жумду

12 Фев , 14:05 775

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Энеси тарабынан сабалган, - деп ооруканада комада  жаткан наристе каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. 

3 жаштагы Бексултан Ош облустук балдар ооруканасына 3-февралда оор абалда түшкөн. 

Дарыгерлер аны кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, мээси чайкалган, кан шишик жана башка диагноздорду коюшкан. Ошондой эле, жабырлануучунун денесинде көк ала тактар бар экени дагы тастыкталган. 

Эс учун билбей жаткан бөбөк 11-февралда каза болду. Баланы сабаган  анын 24 жаштагы энесине кылмыш иши козголгон.



Новости по дате