http://www.ktrk.kg/C. Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

C. Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

12 Фев , 0:11 1651

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

71 адамдын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандыктары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтканы телеграммада айтылат.  

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого көңүл айтты.

Ошондой эле, Премьер-министр Сапар Исаков дагы Россиялык кесиптеши Дмитрий Медведевге көңүл айтты. 



Новости по дате