http://www.ktrk.kg/"Түндүкэлектр"  өз маалында электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн жарыгын өчүрөт

"Түндүкэлектр" өз маалында электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн жарыгын өчүрөт

13 Фев 2018 , 4:54 12251

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Түндүкэлектр" ишканасы өз маалында электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн жети миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт. 

Маалым болгондой, шейшембиде өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкектеги 7224 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. 

Алардын карызы 24 миллион 200 миң сомго жетти. Ошондой эле акылдуу эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу билдирме "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат борборуна түшкөн соң электр жарыкка кошулары айтылды.


Новости по дате