http://www.ktrk.kg/Жайында Токтогул ГЭСинде реконструкциялоо иштери башталат

Жайында Токтогул ГЭСинде реконструкциялоо иштери башталат

17 Март 2016 , 8:18 2047

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экономикалык коопсуздукту бекемдөө жаатында ушул жылдын жай айларынан баштап Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери башталат.

 Мындан тышкары Бишкектин жылуулук борборун модернизациялоо долбоорунун алкагындагы иштер улантылып, аны жергиликтүү көмүргө өткөрүүгө маани берилүүдө. Эгер пландалган иш чаралар өз убагында бүтсө, жылуулук борборундагы кубаттуулук 812 мегаваттка же, эки эсеге чейин өсүп жетээри айтылууда. 

Мындан тышкары өкмөт, жакында Кыргызстандын аймагында 16 чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коёт. Жалпы кубаттуулугу 188 мегаватты түзгөн бул чакан ГЭСтердин курулушуна тартыла турган түз инвестициянын көлөмү 190 млн доллар болот деп айтылууда.

Новости по дате