Темирлан Сманбеков
Театр-инсандын жан дүйнөсүнө бүлүк сала турган, майрамдата турган жана ойлонто турган жай.
Каарманыбыз Темирлан Сманбеков учурда Нарын музыкалык драм театрын жетектеп, сахнага мыкты чыгармаларды коюп келет. Театрдан тышкары бир топ кинолордо да башкы каармандын ролдорун ойногон. Темирлан агайга театрдагы жанан андан тышкаркы иштерине байланыштуу суроолорду узатып кепке тарттык.
Нарын драма театрынын 80 жылдык тарыхы бар. Жакында 80 жылдыкта белгилегени турабыз. Мындайча айтканда Нарын шаарынын эли театрдагыдай эле деп койсок болот. Ал жактагы драма театрга барганда, жергиликтүү элден бул жака келдиңизби? Нарындан эмне жоготтуңуз? – деген сыяктуу суроолорду көп уктум. Аларга айтарым, кыргыз театрын өнүктүрүү үчүн борбордо эле отуруп алып иштеген туура эмес. Облустарга да барып эмгектенүү зарыл. Колуңдан келсе жер-жерлердеги театрдын деңгээлин көтөрүү керек. Нарын драма театрынан залкарлар, улуу адамдар чыккан. Мындайча айтканда, касиеттүү театр. Мага Нарынга барып иштеп бер деген сунуш түшкөндө моюн толгобой, дароо эле макул болдум. Ал жакта канчалаган таланттуу адамдар бар. Алардын көңүлүн көтөрүп, ишти алдыга жылдыруу үчүн аракеттерди көрдүм. Учурда шүгүр. Ынтыкмактуу коллектив бар. Театр кызматкерлери азыр кадимкидей жанданып калды. Бир учур болгон бүт театрлардын деңгээли түшүп кеткен. Анткени өлкөдө кризис болуп, бир гана маданият тармагында эмес, баардык багытта кыйынчылыктар болгон.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Султан Раев "Кылым карытар бир күн" романын театрлаштырып берди.
Алдыга чоң пландарды коюп жатабыз. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Султан Раев "Кылым карытар бир күн" романын театрлаштырып берди.
Ошону биз Лондон өтө турган бүткүл дүйнөлүк театралдык фестивалда аткарабыз. Ал ушул жылдын октябрь айында болот. Ошол жака коллективди алып чыгуу үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз.
Мындан тышкары Айтматовдун "Жамийла" повестин жана "Боток көз булак" чыгармасын театрлаштырдык.

Тартылган кинолору
"Ак чардак" - Адыл (реж.Б.Кадырканов)
"Аял" - Эркек (реж.Н.Турапов)
"Найман эненин көз жашы" - Жуан-жуандардын башчысы (реж.Б.Карагулов)
"Кууш жолдор" - Милициянын полковниги (реж.К.Касенов)
"Чыңгыз менен Бүбүсайра" - Чыңгыз Айтматов (реж.Ж.Кулмамбетов)
"Мен сага ишенем" - Сабыр (реж.Ж.Кулмамбетов)
"Кыз-жигит" - Сейитбек (реж.Ж.Кулмамбетов)
"Жараланган турналар-2" -Депутат Кыргызбай Мамбетов (реж.Ж.Кулмамбетов)
"Президент жана бомж -2" -Спикер (реж.А.Сулайманов) ж.б.
"Дарак ыры"-Базарбай байдын ролунда (реж.А.Дайырбеков)
Жаңы жылда Кыргызстандагы театрлардын ичинен биринчи жолу Нарын драма театрынын көгүлтүр отун тарттык. Анда ырдай билген, бийлей билген жаш таланттар өз өнөрлөрүн элге тартуулашты. Көрөрмандар ыраазы болушту. Мындай таланттуу адамдарды элдин калың катмарына таанытып, чет өлкөлөргө чейин алып чыкпасак болбойт.
Театр-инсандын жан дүйнөсүнө бүлүк сала турган жай
Кыргыз Улуттук драма театрында директор болуп иштеп турганда Марат Козукеев экөөбүз элди театрга тартуу үчүн "Саманчынын жолун" койдук. Биринчи премьерасы болгон соң, кийинкисинде кассада жарандарыбыз кезекте тура баштады. Андан кийин Б.Чотурова жазган "Коммунист" деген драмасын койгондо студенттен баштап карыяларга чейин келишти. Эл мыкты чыгармаларды көрсө өзү эле келет экен. Каражаттын жоктугуна шылтап, болбогон нерсени коюп алып, элди ирээнжитип алат экенбиз.
Демек, эл театрга келиши үчүн мыкты чыгарма, мыкты коллектив жана мыкты менеджер болушу абзел.
Мен азыр ошол максатта Айтматовдун чыгармаларын тандап алдым. Мисалы "Жамийла" повестин алсак, бул сүйүүнүн символу, бүтпөс тема.
Айтматовдун повести аркылуу көрүүчүлөргө керемет нерселерди тартуулайбыз.
Театрга адамдар келип, жөн гана каткырып кетип кала турган нерсе эмес.
Театр-инсандын жан дүйнөсүнө бүлүк сала турган, майрамдата турган жана ойлонто турган жай.

"Дарак ыры" тасмасында башкы каармандын ролун ойногон...
Заманбап кинолорго тартылып жүрөм. Бирок тарыхый мюзиклге тартылган эмесмин. Улуттук драма театрдын алдында театралдык окуу жайдын Умсунай деген студент кыз бар. Ал "Дарак ыры" деген тасмага ырдай турган актерлор керек экен, кастингке катышып көрбөйсүзбү деп айтып калды. Катышпайм, барыбир өтпөйм деп башка жака кетип калдым. Бир нече күндөн кийн кайра чалып калды, агай мен үчүн келип коюңузча деп. Акыры көнүп бардым. Барсам, эски телестудиянын короосунда 5-6 адам отурушкан экен. Бул кинонун режиссеру Айбекти деле мурда таанычу эмесмин. Алар мага колума кагаз беришип, окуп чыгып ролду азыр ойноп бериңизчи деп калышты. Окусам, роль абдан оор экен. Жаттап эле ойноп койчу иш эмес деп, 1 күн убакыт бер, даярданып келейин деп Айбектен сурандым. Ошентип алар макул болушуп, түнү менен сценарийди карап ойлонуп отурдум. Мага сунушташкан каарман Базарбайдын мүнөзүн кантип чагылдырсам деген суроонун үстүнөн иштедим. Тасмада каарманымды чукчуңдаган бай катары ойносом мага жарашпайт, анткени менин мүнөзүмө бул нерсе дал келбей калмак. Андыктан, токтоо, ачууга алдырып кыйкырбаган, оор басырыктуу, бир карашы менен маселени чечкен адамдын образын жаратуу жыйынтыгына келдим. Эртеси Айбеке барып, 7 мүнөттөй ролду ойноп бердим. Бүткөндөн кийин режиссер мага бир жерден ачууланууну кошуп аткарышымды суранды. Дал ал айткандай ойноп бердим. Ошол күнү кечинде телефон чалып, агай сиз өттүңүз деп айтты.
Сыйлыктары
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
Муратбек Рыскулов атындагы республикалык сыйлык
Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлык
Айтматов эларалык сыйлыгы
Кастинг маалында режиссер мен чагылдыргандай образды таппай жаткан экен
Кастинг маалында режиссер Айбек Дайырбеков мен чагылдыргандай образды таппай жаткан экен. Бий ачууланат десе эле, камчыны чапкылап бетин бырыштырып кыйкырганды элестет эмеспизби. Бирок, Айбектин ою башкача болгон экен. Эч кандай ачууга алдырбай, бир көз караш менен отургузган, бир сөз менен маселе чечкен бай болушу керек деп ойлой жүрүптүр. Бул жагынан оюбуз төп келип калды. Ал айтып калды, байке аткарганыңыз аябай жакты. Мени издеп жатканымды таптым деп.
"Дарак ыры" тасмасында башкы каармандын образын жараткандык мен үчүн бакыт. Анткени ар бир актер жакшы киного тартылып, тарыхта калгысы келет. Бул тасмага карата 2 айдай даярдандым. Телефонумду өчүрүп, туугандарга алдын-ала эскертип койгом, тынчымды албагыла, тасмага даярдануу ишине кириштим деп. Күнү-түнү текст жаттадым. Жарата турган образым тууралуу ойлондум. Ошентип тасма тартылып бүткөн соң Айбек Дайырбеков рахматын айтты.
Театрда ойногон негизги ролдору
Граф Альмамвива (Бомарше, «Фигаронун үйлөнүшү»)
Капулетти (Уильям Шекспир, "Ромео менен Жульетта")
Мугалим (М.Байжиев, "Эркектер намысы")
Корун (К.Жантөшев, "Курманбек")
Нурдин (Т.Абдумомунов, "Абийир кечирбейт" ("Сүйүү жана достук") деген ат менен коюлган)
Эргеш (М.Тойбаев, "Жаңы келин")
Анчугин (А.Вампилов, "Элеттик анекдоттор")
Аскар, режиссер (Ж.Кулмамбетов, "Бумеранг")
Эффер-Мырза (Азиз Несин, "Жүрү бери")
Шаар башчысы (Гоголь, "Текшерүүчү")
Бостон (Ч.Айтматов, "Кыямат")
Эркек (С.Раев, "Аял")
Машырбек (Т.Абдумомунов, "Машырбек үйлөнөт")
Ысмайыл (Ж.Садыков, "Манастын уулу – Семетей")
Чагатай (Ч.Айтматов, М.Шаханов, "Сократты эскерүү")
Мусулманкул-аталык (Т.Касымбеков, К.Сактанов, "Курманжан-датка")
Клавдий (Шекспир, "Гамлет")
Мирон (Ж.Кулмамбетов, "Кош жылдыз")
Антоний (У.Шекспир, "Антоний менен Клеопатра")
Чыңгыз Айтматов (Ж.Кулмамбетов, "Чыңгыз менен Бүбүсайра") ж.б.
"Дарак ыры" тасмасында кандай ойногонумду билбейм. Кинону көрө элекмин. Эл тараза, эл сынчы болсун. Өзүмө баа бергенден алысмын. Көрөрмандар баасын берсе туура болот деп ойлойм.
Тасмада кыргыздын кооз жерлери тартылды. Бул нерсе мага абдан жакты. Кийимдерин да кооз кылып тигишти. Бүт баарына жарашат. Ырлары да мукамдуу сонун. Адамга жакшы маанай тартуулай турган кино болду. Өзгөчө жаратылышы образ жаратууга укмуш эргүү берди. Мындайча айтканда мюзикл менен жаратылыш ширелишип, укмуш маанай тартуулады.


Made on
Tilda