http://www.ktrk.kg/Борбор калаада эки миңден ашуун бак-дарак кыйылат

Борбор калаада эки миңден ашуун бак-дарак кыйылат

14 Фев 2018 , 8:54 894

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында быйыл 2 миңден ашуун бак-дарак кыйылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өткөн жумада басма сөз жыйынында билдирген. Анын айтымында бак-дарактарды кыйууга эки себеп бар экендигин, анын бири ар кандай кокустуктарды алдын алуу болсо, дагы бир себеби калаанын жолдорун кеңейтүү. 

Борбордо 1930-жылдары 245миңден ашуун бак-дарак отургузулган. Шаар бийлиги бак-дарактарды кыйгандыгы үчүн шаардыктардын сын-пикирине да байма-бай кабылып келет. Экологдор эгерде асфальт же таштаман менен тратуарлар жазалса дарактардын тамырына зыян алып келээрин айтышууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"



Новости по дате