http://www.ktrk.kg/Бүгүн мекендешибиз Тимофеев Кышкы Олимпиада оюндарында слалом боюнча мелдешке катышат

Бүгүн мекендешибиз Тимофеев Кышкы Олимпиада оюндарында слалом боюнча мелдешке катышат

22 Фев , 10:33 1458

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүп жаткан кышкы олимп оюндарында слалом боюнча мелдешке катышат. 

Өлкө намысын коргогон тоо лыжачы 18-февралда гиганттык слалом боюнча 109 спортчунун арасында таймашып, 63-орунду алган болчу. 

Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу барган. 13-февралда лыжачы Тариэл Жаркымбаев классикалык стилдеги спринтердик жарышта 78-орунду ээлеген.


Новости по дате