http://www.ktrk.kg/Кеминде кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алышты

Кеминде кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алышты

23 Фев 2018 , 10:41 1641

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кемин суусунун боюнан кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алды. Мамэкотехинспекциядан кабарлашкандай, мекеменин өкүлдөрү берилген дарекке барып, текшергенде жаныбар 10 айлык экени аныкталган. 

"Сүлөөсүндүн оң көзү жабыркаптыр. Жаныбар буга чейин айыл тургундары тарабынан колго багылып жүрүшү мүмкүн. Учурда тийиштүү актылар толтурулуп, жаныбар "Бугу эне" коомдук фондусуна өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта. 

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынат. Мамэкотехинспекция өз кезегинде мамлекеттин коргоосундагы жаныбарларга кыянаттык кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экендигин эскертет.




Новости по дате