http://www.ktrk.kg/Таластын Көк-Токой айылындагы мектептин курулушу токтоп калды

Таластын Көк-Токой айылындагы мектептин курулушу токтоп калды

27 Фев , 11:29 14240

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас районунун Көк-Токой айылындагы Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу токтоп турат.

Мектеп директору Уланбек Давлеталиевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу мындан 2 жыл мурун башталган. Бирок бюджеттен бөлүнүүчү каражат толук берилбей, курулуш токтоп турат. Жалпы 275 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүткөрүлсө элеттик окуучулардын билим алуусуна жакшы шарт түзүлмөк.

Эски мектеп 1964-жылдары курулган. Учурда эски имарата авариялык абалга келген. Мектеп ашар ыкмасы менен салынып, курулуш эрежелери толук сакталган эмес. Айыл тургундары балдарын айласыздан бул мектепке жиберип жатышат.

Новости по дате