http://www.ktrk.kg/Кара-Суудагы мектептердин айланасын бак-дарактарга толтурушат

Кара-Суудагы мектептердин айланасын бак-дарактарга толтурушат

27 Фев 2018 , 5:36 1299

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында Кара-Суудагы мектептердин аймагына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп жатат. Анын алкагында 25-февраль күнү Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ордо айылындагы Кызыл-Ордо орто мектебинин айланасына 50 түп көчөт отургузулду.

Айыл өкмөттөн маалымдашкандай, иш-чарага Жогоку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары, айыл тургундары жана мугалимдер катышты. Эми башка мектептерде да көчөттөрдү отургузуу кампаниясы улантылат.

Новости по дате