http://www.ktrk.kg/Жер көчкү коркунучу бар аймактардагы калк коопсуз жайга убактылуу көчүрүлөт

Жер көчкү коркунучу бар аймактардагы калк коопсуз жайга убактылуу көчүрүлөт

3 Март 2018 , 8:52 1089

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн тоолуу аймактарында жергиликтүү бийлик органдары менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты коопсуз жайга убактылуу көчүрүүгө кам көрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Асанов билдирди. 

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда жарандарды 1-апрелге чейин кооптуу жайга көчүрүү тапшырмасын берген. 

Эскерте кетсек, 2016-жылы 13 миңден ашык жер силкинүү катталган. Мунун кесепетинен жер көчкүлөрдүн жандануусу жүрүп, 2017-жылы 169 кар көчкү анын ичинен 69у өзгөчө кырдаалды жаратып, 34 кишинин өмүрүн алган.



Новости по дате