http://www.ktrk.kg/Эртең айрым аймактарда жаан жаайт

Эртең айрым аймактарда жаан жаайт

10 Март 2018 , 16:06 1657

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эртең, 11-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. 

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым райондордо жаан жаайт. 

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө 

түнкүсүн 3...+8 

күндүз +5...+10 


Талас өрөөнүндө 

түнкүсүн 3...+8 

күндүз +5...+10 


Ош жана Жалал-Абад облустарында 

түнкүсүн 4...+9 

күндүз +8...+13 


Баткен облусунда 

түнкүсүн 4...+9 

күндүз +9...+14 


Ысык-Көл облусунда 

түнкүсүн -3...+2 

күндүз +8...+13 


Нарын облусунда 

түнкүсүн -2...-7 

күндүз +2...+7 

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +6...+8 градус, күндүз +8...+10 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +4...+6 градус, күндүз +10...+12 градус болот.

Новости по дате