http://www.ktrk.kg/Сел жүрүү коркунучу бар жерлерге бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Сел жүрүү коркунучу бар жерлерге бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

13 Март , 10:34 612

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токой чарба агенттигинин маалыматы боюнча, коопту деп эсептелген жер тилкелерине 542 миң даана көчөт жана өсүмдүктүн уругунан 2 миң 805 кг бөлүндү. 

Бул иштер “Жашыл долбоор” алкагында ишке ашырылат. Бөлүнгөн көчөттөрдү агенттик Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берет. 

Анткени долбоорду ишке ашыруу ӨКМге жүктөлгөн. Муну менен катар жалпы эле жашылдандыруу иштерине деп, токой чарба агенттиги дагы 142 миңден ашык көчөттү жана 1 миң 321 кг өсүмдүк үрөнүн бөлдү.


Новости по дате