http://www.ktrk.kg/Нооруз майрамында көк бөрү боюнча беттеше турган командалар аныкталды

Нооруз майрамында көк бөрү боюнча беттеше турган командалар аныкталды

13 Март , 10:53 8201

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нооруз майрамындагы көк бөрү оюнунда күч сынаша турган командалар аныкталды. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Оюн 15-21-март күндөрү Бишкектеги "Аккула" ат майданында болот. 

Ага өлкөнүн бардык дубандарынан келген 16 команда катышат. Белгилей кетсек, былтыр Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү оюнунда Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы финалга чыгып, "Ынтымактын" улакчылары чемпион болгон. Ал эми үчүнчү орунга Сокулуктун оюнчулары чыккан.


Новости по дате