http://www.ktrk.kg/Непалдын аэропортунда жүргүнчү учак кырсыктады

Непалдын аэропортунда жүргүнчү учак кырсыктады

13 Март , 11:52 8966

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Катманду шаарынын аэропортунда жүргүнчү учак конгону бара жатып кырсыкка кабылды. Учактын бортунда 60тан ашуун киши болгону кабарланууда. 

Кеминде 39 киши каза болгону айтылууда. 

Учактагылардын он жети жүргүнчүсү аман калганы айтылууда. Учак Катмандунун эл аралык аэропортуна конуп жатканда учуп-конуу тилкесине эмес, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшкөн. 

Учак жерге урунгандан кийин жалын чыгып, куткаруучулар тартылган. Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.

Новости по дате